Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Кочкордо аял 3 баласы менен иске ууланып каза болду
21.12.2020 | 17:45
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда иске ууланып, 4 адам көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну 38 жаштагы карындашы 3 баласы менен иске ууланып каза болгонун айтып милицияга кайрылган.
Каза болгон балдары үчөө тең кыз, алар 2009,2011,2013жылы туулган жаш өспүрүмдөр болгон.
Кочкор райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча учурда териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Маркумдар эмне себептен өлгөнүн аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар