Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө миң түп дарак отургузулдуЖогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болдуКыргызстанда беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25%дан ашык өстүКыргызстанда жумуртка, өсүмдүк майы жана сүт арзандады — Айыл чарба министрлигиКыргызстанда спутниктик интернет ишке киргизилет. Адылбек Касымалиев Starlink’тин директору менен жолугуштуУлан Маматканов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Курсан Асанов камакка алынды
26.01.2021 | 18:23
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу “Репортерго” Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтуусуна караганда Асановду жактоочусу жок суракка алышкан.
“Ага имаратты басып алган деп айып коюшууда. Алар тескерисинче ага ыраазычылык билдириши керек. Ал учурда башаламандык эмес беле, алар элдик кошуундар менен бирге кайгуул уюштуруп, шаарды талап тоноодон сактап калды. Ал коомчулукка пайдалуу иш кылган. Бул саясий мотивдеги иш”, – деди Икрамидин Айткулов.
Учурда Курсан Асанов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар