Францияда айыккыс дартка чалдыккандар эвтаназияга укук алыштыКабмин 1 млрд сомго жакын каражатты күйүүчү майдын баасын кармоого жумшадыОрунбеков: 2021-жылдан бери бажы төлөмдөрүнөн бюджетке 619,1 млрд сом түштү«Кылым Банктын» акциялары Каржы министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлдүКыргызстан ЕАЭБден документсиз товар ташып киргендерге жазаны катаалдантты — кеңири маалыматЫсык-Көлдө боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди кантип, каяктан сатып алса болот?
Курсан Асанов камакка алынды
26.01.2021 | 18:23
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу “Репортерго” Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Анын айтуусуна караганда Асановду жактоочусу жок суракка алышкан.
“Ага имаратты басып алган деп айып коюшууда. Алар тескерисинче ага ыраазычылык билдириши керек. Ал учурда башаламандык эмес беле, алар элдик кошуундар менен бирге кайгуул уюштуруп, шаарды талап тоноодон сактап калды. Ал коомчулукка пайдалуу иш кылган. Бул саясий мотивдеги иш”, – деди Икрамидин Айткулов.
Учурда Курсан Асанов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар