Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу жана таштандыларды башкаруу боюнча жаңы чаралар бекитилдиКыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтАнтимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмаштыМандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керек
Кызыл-Бел ашуусунда Lexus жолдон чыгып кетип 2 адам жаракат алды
05.02.2021 | 11:00
Кызыл-Бел ашуусунда Lexus жолдон чыгып кетип 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-февраль күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 368-чакырымында, Нарын районундагы Кызыл-Бел ашуусунда болгон. Анда Lexus -RX300 унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы жана 57 жаштагы аял жаракат алган.
Жабыркаган адамдарды “Тез жардам” кызматы ооруканага жеткирген.
Ал эми окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары унааны жолго чыгарууга жардам беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар