logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Кызыл-Бел ашуусунда Lexus жолдон чыгып кетип 2 адам жаракат алды

Кызыл-Бел ашуусунда Lexus жолдон чыгып кетип 2 адам жаракат алды

Кызыл-Бел ашуусунда Lexus жолдон чыгып кетип 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-февраль күнү саат 16:25 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 368-чакырымында, Нарын районундагы Кызыл-Бел ашуусунда болгон. Анда Lexus -RX300  унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы жана 57 жаштагы аял жаракат алган.

Жабыркаган адамдарды “Тез жардам” кызматы ооруканага жеткирген.

Ал эми окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары унааны жолго чыгарууга жардам беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>