Кыргызстан парламенттик шайлоого Германиядан байкоочуларды катышууга чакырдыПрезидент Садыр Жапаровдун төрагалыгында виртуалдык активдер боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөтКыргызстандагы мектептерде БУУнун 80 жылдыгына арналган сабактар өтүүдөБишкекте BMW бурулуп жаткан минивэн менен кагышты. Скутер кайдан пайда болду?Токтогулда заманбап мал соючу жай курулуудаБШК: Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгондордун саны 458ге жетти
Райым Матраимовдун соту ачык болот
10.02.2021 | 17:45
Малекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча соттук отурумдар ачык өтөт. Бул маалыматты Reporter.kg сайтына Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Кийинки сот жараяны 11-февралга белгиленген.
Матраимовдун иши боюнча алдын-ала сот отуруму 9-февралда жабык эшик артында өткөн. Буга журналисттер нааразычылыгын билдиришкен.
Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирген.
20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом