Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоору каралууда.
Анда депутат Жанар Акаев азыркы Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы айрым беренелерге каршы пикирин билдирди.
«Ушул парламент 6 премьер-министрди алмаштырдык баарын мактап алып келебизда, кайра кетиребиз, үчүнчү президент менен иштешип жатабыз. Эми кетээрде бир оң нерсе жасап кетеличи, коомчулукка уят болуп бүттүк», — деди эл өкүлү.