Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калды
“Тазалыкта” иштегендердин маянасы 40 пайызга жогорулайт
03.03.2021 | 17:47
Март айынан тарта Бишкек шаарындагы “Тазалыкта” иштеген кызматкерлердин айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Маалыматка таянсак, айлык маянаны жогорулатуу жана кызматкерлерге сый акы берүү мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун демилгеси.
Ошондой эле, ишин сапаттуу жана убагында аткарган жумушчуларга ай сайын айлыгынын 30 пайызына барабар болгон сый акы да берилип турат.
Мындан сырткары, эл аралык айымдар күнүнө карата “Тазалык” ишканасында иштеген аялдарга сый акы берилери айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом