logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

“Тазалыкта” иштегендердин маянасы 40 пайызга жогорулайт

“Тазалыкта” иштегендердин маянасы 40 пайызга жогорулайт

Март айынан тарта Бишкек шаарындагы «Тазалыкта» иштеген кызматкерлердин айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Маалыматка таянсак, айлык маянаны жогорулатуу жана кызматкерлерге сый акы берүү мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун демилгеси.

Ошондой эле, ишин сапаттуу жана убагында аткарган жумушчуларга ай сайын айлыгынын 30 пайызына барабар болгон сый акы да берилип турат.

Мындан сырткары, эл аралык айымдар күнүнө карата «Тазалык» ишканасында иштеген аялдарга сый акы берилери айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>