«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Соодагерди сабаган Оштун спорт комитетинин башчысына иш козголду
15.03.2021 | 18:13
Ош шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучусу Бекдөөлөт Абакировго карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-март күнү ШИИБге 1980-жылы туулган жаран Бекдөөлөт Абакиров жана дагы төрт адам келип, адамдык намысына шек келтирген сөздөрдү айтып, көптөп ур-токмокко алганын айтып, арыз менен кайрылган. Ал шаардагы базарлардын биринде соодагер болуп иштеген.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда арыз ээсине соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар