«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиПрезиденттик администрация “Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт” акциясына катыштыКФБ жана Стамбул биржасы алтын соодасын өнүктүрүү боюнча кызматташатТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулаштыБШКнын төрагасынын орун басары алмашты
Бишкектин тургундарынын ипотекалык насыясы 11 млрд сомго жетти
17.03.2021 | 14:25
2020-жылдын аягына чейин Бишкекте ипотекалык насыянын көлөмү 11 миллиард сомго жетти. Коммерциялык банктар тарабынан берилген насыялар жөнүндө маалыматтарды Улуттук банктан билдирди.
Жалпысынан, Бишкек шаары боюнча бардык насыялардын жалпы суммасы 91,1 миллиард сомдон ашты. Насыянын көпчүлүгү соода жана коммерцияны өнүктүрүүгө берилген – 29,4 миллиард сом. Андан кийинки орунда өнөр жай – 10,9 миллиард жана курулуш – 10,1 миллиард сом турат.
Ошондой эле жеке адамдарга 6,6 миллиард сомго, дыйкандарга 3,7 миллиард сомго насыя берилгендиги белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика