Садыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойтКонституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылды
Волейбол: Кыргызстан Азия чемпиону аталды
24.08.2019 | 18:47
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азиянын аймактык чемпиону аталды.
Финалдык беттеш бүгүн 24-августта, Непалдын Катманду шаарында өттү. Анда улуттук курама команда Өзбекстанды 3:0 эсебинде жеңди.
22-августта өткөн жарым финалдык беттеште Кыргызстан курамасы Түркмөнстандын спорчуларына каршы ойноп, 3:0 эсеби менен жеңишке жетишип финалга жолдомо алган эле.
Белгилей кетсек, Азиянын аймактык зоналык биринчилиги үчүн Кыргызстан, Непал, Мальдив, Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш жана Афганистан өлкөлөрүнүн спортчулары намыс талашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт