Дастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндү
Кайрат Нуртаска айып пул салынды
26.03.2021 | 12:03
Ырчы Кайрат Нуртас Алматы шаарындагы ресторандардын биринде эс алганы үчүн айып пул төлөйт. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын жайылып жатканына байланыштуу мониторинг тобу кафе-ресторандарга рейд жүргүзүп, анын жүрүшүндө кече өткөрүп жаткан ресторанды аныкташкан.
Мекемеге кирген тартип сакчылары менен тийиштүү органдын кызматкрелери эс алуучулардын арасында ырчы Кайрат Нуртас да бар экенин байкашкан.
Мындан улам, ырчы жана ресторандын башка коноктору райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, 87 миң 510 теңге айып чегерилген.
https://youtu.be/wrIzReTljeE
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар