Новиков: Токиодогу Олимп оюндарына амбициялуу пландарды коюшубуз керек

Новиков: Токиодогу Олимп оюндарына амбициялуу пландарды коюшубуз керек

Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков өлкөнүн курама командаларынын спортчуларын 2021-жылкы эл аралык мелдештерге катышууга даярдоо боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында 2021-жылы өтүүчү дзюдо боюнча Азиянын чемпионатын өткөрүүгө, ШКУ эл аралык марафонун жана Воллейбол боюнча кубогун  өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрдү.

Отурумда спортчуларды даярдоо, каржылоо, 2021-жылы өлкө аймагында ири эл аралык турнирлерди өткрүүгө даярдык, ошондой эле башка актуалдуу маселелер боюнча маалымат угулган.

“Эгемендүүлүк жылдары биз мыкты мүмкүнчүлүктөрүбүз болгону менен жогорку пробадагы олимпиадалык медалдарды жеңип ала алган жокпуз. Кыргыз спортунун тарыхы бай жана мыкты ийгиликтерди багындырган инсандарыбыз да бар. Учурда ал салтты жаш муундагы спортчулар улантууда. Ошондуктан биз Токиодогу Олимп жана Паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды алдыга коюубуз керек. Ал үчүн биз спортчуларыбызды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүбүз зарыл”, — деген Артем Новиков.

 

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

— спорт түрү боюнча федерациялар менен биргеликте спорт түрү боюнча курама командалардын спортчуларынын алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдыгын жана катышуу шарттарын камсыздоо;

— Дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатын, ШКУ эл аралык марафонун өткөрүүгө, ошондой эле алдыдагы Олим жана Паралимпиадалык оюндарга спорт түрү боюнча курама командалардын спортчуларын даярдоо үчүн финансылык каражатардын өз учурунда бөлүнүүсүн камсыздоо;

— Олимп жана Паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү жана сыйлануучулары жана алардын машыктыруучулары үчүн бир жолку акчалай сыйлыкты бекитүү тууралуу чечим долбоорун киргизүү;

— Жайкы Олимп жана Паралимпиадалык оюндарга даярдык алкагында Кыргызстандын курама командалары үчүн окуу-машыгуу сборлорунун өткөрүлүшүн жана алардын бардык лицензиялык турнирлерге катышуусун камсыздоо;

— Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү үчүн жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга спорттун түрү боюнча катышуусуна параддык жана спорттук форманын дизайнын (эскиз) уюштуруу комитетинин кароосуна киргизүү;

— спорттук-массалык иш-чаралардын спортчулары жана катышуучулары үчүн конкреттүү эсептер жана каржылоо булактарын эске алуу менен тамактануунун акчалай ченемин жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>