Бишкекте МИКтин үйлөрүнүн ичинде жаңы мектеп филиалы ишке кирдиТажикстанда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук» жана «Тоскоолдук» машыгуулары башталдыСамаркандда Борбор Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлери жолугуштуТүштүк аймактарда 50 жаштан өткөндөрдүн көзү текшерилетСербияда U-23 дүйнө чемпионаты башталат — кыргызстандык балбандар килемге чыгатКытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка артка кайтарылды
Коронавирустун жаңы 146 учуру катталып, бир киши каза болду
28.03.2021 | 10:35
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 146 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 3578 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында оору көп аныкталса, Талас, Баткен жана Нарын облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 5 медицина кызматкеринен табылган.
Алар:
Бишкек шаарында – 101;
Ош шаарында – 1;
Чүй облусунда – 34;
Ош облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 7;
Жалал-Абад облусунда – 2.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 63 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 1 киши каза болду.