Касымалиев шайлоого кийлигишкен мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартыларын билдирдиБишкектеги “Мадина резиденс” турак-жайын курууда мыйзам бузуулар аныкталдыКыргызстандын экспортун өнүктүрүү: ишкерлер үчүн жаңы куралдар даярдалдыӨткөн жумада Кыргызстанда 24 миңден ашык жол эрежесин бузган учур катталдыЖапаров ЕАЭБ алкагында баалуу кагаздардын чек ара аралык жүгүртүүсүнө уруксат берүү тууралуу макулдашууну ратификацияладыКыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүүдө
Бишкек-Ош жолунда аскердик унаа оодарылып, кырсыктан 1 кызматкер каза болду
29.03.2021 | 18:10
Бишкек-Ош жолунда аскердик унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан аскер каза болду. Бул тууралуу Борбордук штабдын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-мартта Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону бара жаткан аскер кызматкери жол кырсыгынан каза болуп, дагы бир жоокер колунан жаракат алган.
Алдын ала маалымат боюнча, катаал аба ырайына байланыштуу аскердик унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган.
Бул факты боюнча Аскердик прокуратурага кабар берилип, кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылат.