Баткендеги ооруканага коюлган жардыруучу зат тууралуу маалымат жалган болуп чыкты — облустук ИИБТүндүк — Түштүк альтернативдик жолунда сел жүрүп, унаа кыймылы жабылды — Транспорт министрлиги«Кыргызстан аэропорттору» Шанхайга каттам ачуу маселесин талкуулоодоКР ТИМи чет элдик ЖМКлар үчүн Көчмөндөр оюндарына аккредитациялоону ачты — кенен маалыматБишкекте жана Чүй облусунда күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт — ӨКМСуу жээгинде кантип коопсуз эс алуу керек — Кыргызстандын дарыгерлеринин сунуштары
Бишкек-Ош жолунда аскердик унаа оодарылып, кырсыктан 1 кызматкер каза болду
29.03.2021 | 18:10
Бишкек-Ош жолунда аскердик унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан аскер каза болду. Бул тууралуу Борбордук штабдын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-мартта Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону бара жаткан аскер кызматкери жол кырсыгынан каза болуп, дагы бир жоокер колунан жаракат алган.
Алдын ала маалымат боюнча, катаал аба ырайына байланыштуу аскердик унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган.
Бул факты боюнча Аскердик прокуратурага кабар берилип, кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылат.