Өкмөт ломбарддардын ишин уюштуруунун жаңы талаптарын бекиттиМанас шаарында “Фуркан” диний кыймылынын 20 мүчөсү кармалдыТоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтБишкекте Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Эмне талкууланып жатат?Бишкекте жеке менчик автомектептин жетекчиси бир айга камалдыОш облустук төрөт стационары 87,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү
Садыр Жапаров качан Европага барат? Элчи Ауэрдин жообу
30.03.2021 | 15:45
Президент Садыр Жапаровду Европа Бирлигинин институттарына чакыруу маселеси талкууланды. Сапар чектөөлөр алынгандан кийин болот. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр билдирди.
Анын айтымында, кеңейтилген өнөктөштүк боюнча кызматташууга кол коюу жакшы мүмкүнчүлүк болмок.
«Мындай иш сапар талкууланып жатат. Учурда так даталар жок. Ошондой эле, бул келишим качан кол коюла тургандыгына жана сапардын коопсуздугуна байланыштуу болот. Балким иш сапар күзүндө же жылдын аягында болушу мүмкүн», – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат