26-декабрга карата аба ырайыБишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюшту
Баткенден жоголгон кыз аман-эсен Оштон табылды
30.03.2021 | 17:43
Дайынсыз болуп жаткан Баткендин тургуну Оштон аман-соо табылды. Бул тууралуу баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Учкун айылынын тургуну 1998-жылы төрөлгөн Гүласалхон Яхияева 2-март күнү саат 08:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Жакындары буга байланыштуу милицияга кайрылып, Гүласалхон Яхияевага изделип жаткан.
Издөө иштеринин жүрүшүндө укук коргоо органынын кызматкерлери Гүласалхон Яхияеваны Ош шаарында жүргөн жеринен таап, үй-бүлөсүнө откөрүп беришкен.
Учурда окуянын чоо-жайы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом