Депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусу
БШК Марат Аманкуловду мандатынан ажыратуу маселесин карайт
01.04.2021 | 10:51
“Биримдик” партиясынын мурдагы лидери Марат Аманкулов депутаттык мандатынан ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 1-апрелде саат 11:00дө Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карайт.
Белгилей кетсек, Марат Аманкулов өткөн парламенттик шайлоодо бийликке таандык делген “Биримдик” партиясын жетектеп катышкан. Октябрдагы башаламандыктардан кийин партиядан чыкканын кабарлаган.
Кийин УКМК ага карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат