Депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусу
Райымбек Матраимов ооруканадан абакка которулду
01.04.2021 | 19:13
Райымбек Матраимов ооруканадан абакка которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов ооруканадан 47-түзөтүү колониясына которулду. Ал буга чейин «Бикард» клиникасында дарыланып жаткан болчу.
Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов 18-февралда кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар