Кемин районунда ак илбирс байкалды: жырткыч дарактан аман-эсен түшүрүлдүКемин районунда ак илбирс байкалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди себүү аяктадыСаламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирдиРоссияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилди
Жалал-Абад шаарынын мэри агасын кызматка дайындап, кайра алып салды
28.08.2019 | 22:27
Бир апта мурун кызматка дайындалган Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин агасы Абдималик Тагаев өз каалосу менен кызматтан кеткени айтылууда.
Социалдык тармакка мөөрү бар бирок мэрдин колу коюлбаган, кызматтан алуу жөнүндө буйруктун сүрөтү жарыяланды. Маалыматтын чын-бышыгын тактоо үчүн шаар башкармалыгына байланышууга мүмкүн болгон жок.
Буга чейин Азаттык радиосу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзүнүн бир тууган агасын 21-августта шаар мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына дайындаганын жазып чыккан. Андан соң бул кабар интернет колдонуучуларынын талкуусуна түшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом