Бишкектин бир бөлүгүндө газ үч күнгө өчүрүлөтАла-Бука, Базар-Коргон жана Москва райондорунун акимдери алмашты. Президент жарлыктарга кол койду«MedExpo Kyrgyzstan 2026»: Бишкекте 10дой өлкөнүн компаниялары катышкан медициналык көргөзмө ачылдыСадыр Жапаров бир катар шаарлардын мэрлерин алмаштырдыКРда КЖЭБ өндүрүүчүлөрүнөн электр энергиясын сатып алууга кепилдик берилген — Энергетика министрлигиКМШда Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүгө киришишти
Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 4 партия митингге чыкты
11.04.2021 | 23:41
Бишкекте шаардык кеңештин шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 4 партия нааразылык акциясын өткөрүүдө.
Жеринен кабарчыбыз кабарлагандай азыр Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанында 4 партиянын: “Социал-демократтар”, “Реформа”, “Улутман” жана “Кыргызстандын Комунистери” партияларынын өкүлдөрү чогулду.
Алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришип, утуп чыккан партияларды шайлоодон четтетүүнү талап кылышууда.
Болжолдуу 100 ашуун адам чогулду.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат