Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Эки жыл тынч турган Бишкектин борбордук стадионунда футбол болот
07.05.2021 | 10:19
Бишкек шаарында жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын 9-турунун алкагында “Алга” жана “Абдыш-Ата” командалары оюн өткөрөт.
Беттеш бүгүн, 7-майда, саат 20:00гө белгиленген.
Фрунзелик “Алга” 7 турдан кийин 19 упай топтоп, турнирдик тизменин башында келе жатса, Кант шаарынын “Абдыш-Ата” командасы 13 упайы менен 4 сапта.
Белгилей кетсек, Дөлөн Өмүрзаков стадионунда эң соңку оюн 2019-жылы 19-ноябрда өтүп, анда Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары беттешип, оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталган.
Беттешти Кыргыз Спорт телеканалы түз эфирде көрсөтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт