Курумду чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерге таандык болушу ыктымал аркандар табылдыОшто бокс боюнча TURKSEN 3 эл аралык турнири өтөтКыргызстанга бажы алымы жок дагы 10 миң электромобил алып кирүүгө уруксат берилди — МБКМектепте 8-класстар үчүн «Инженердик технологиялар» сабагы киргизилетЭксперт: Чет өлкөлүктөр үчүн суррогат эне болууга тыюу салуу бул тармакты көмүскөгө түртөтТаш-Көмүрдөгү «Капитальная» көпүрөсү эс алуу жайына айландырылат
Эки жыл тынч турган Бишкектин борбордук стадионунда футбол болот
07.05.2021 | 10:19
Бишкек шаарында жайгашкан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасынын 9-турунун алкагында “Алга” жана “Абдыш-Ата” командалары оюн өткөрөт.
Беттеш бүгүн, 7-майда, саат 20:00гө белгиленген.
Фрунзелик “Алга” 7 турдан кийин 19 упай топтоп, турнирдик тизменин башында келе жатса, Кант шаарынын “Абдыш-Ата” командасы 13 упайы менен 4 сапта.
Белгилей кетсек, Дөлөн Өмүрзаков стадионунда эң соңку оюн 2019-жылы 19-ноябрда өтүп, анда Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары беттешип, оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталган.
Беттешти Кыргыз Спорт телеканалы түз эфирде көрсөтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт