Кыргызстан жана Россия мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын биргелешип жогорулатууга ниеттенүүдөЭдил Байсалов бийликтеги жараканын себептерин атап, президенттин айланасында биригүүгө чакырдыКыргызстан менен Иран кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташтыКыргызстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүүнү жана БУУдагы кызматташтыкты чыңдоону пландаштырууда11-февралдан тарта ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды милдеттүү түрдө колдонуу тартиби киргизилетЫсык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, жамгырлатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөт
Жалпы 33. Бишкекте кургак учук дагы 4 жоокерден аныкталды
10.05.2021 | 13:43
Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жатып кургак учук жугузуп алган аскерлердин саны 33кө жетти. Мындай маалыматты коргоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө төрт жоокер шаардык кургак учукка каршы ооруканадан чыгарылып, аскер госпиталында дарылануусун улантууда. Жакынкы күндөрү дагы экөө аскер госпиталына которулат.
Белгилей кетсек, Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алганы айтылган. Андан соң алардын саны 26га жеткени кабарланган. Кийин коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев жоокерлердин кургак учук жугузуусу Тогуз-Торо аскер бөлүмүнөн башталып, оору 29 жоокерден табылганын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом