Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Жалпы 33. Бишкекте кургак учук дагы 4 жоокерден аныкталды
10.05.2021 | 13:43
Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жатып кургак учук жугузуп алган аскерлердин саны 33кө жетти. Мындай маалыматты коргоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө төрт жоокер шаардык кургак учукка каршы ооруканадан чыгарылып, аскер госпиталында дарылануусун улантууда. Жакынкы күндөрү дагы экөө аскер госпиталына которулат.
Белгилей кетсек, Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алганы айтылган. Андан соң алардын саны 26га жеткени кабарланган. Кийин коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев жоокерлердин кургак учук жугузуусу Тогуз-Торо аскер бөлүмүнөн башталып, оору 29 жоокерден табылганын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом