Кургак учук жугузган жоокерлердин саны 26га жетти

Кургак учук жугузган жоокерлердин саны 26га жетти

Кургак учук жугузган Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн жоокерлердин саны 26га жетти. Бул тууралуу 31-мартта өткөн маалымат жыйында №99718 аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Руслан Абдулдабеков билдирди.

Анын айтымында, учурда илдет жуктургандар стационардык дарылануудан өтүүдө жана абалдары канааттандырарлык.

“Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, инфекциянын болжолдуу очогу аныкталды. Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жооптуу адамдар дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Бардык материалдык Бишкек горнизонунун Аскер прокуратурасына жиберилген. Бүгүнкү күндө кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Ооруган жоокерлердин абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалган. Алардын ата-энелери менен тыгыз байланыштабыз”, — деген ал.

Белгилей кетсек, Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан 11 аскер кургак учук жугузуп алганы айтылган. Андан соң алардын саны 15ке жеткени кабарлданган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>