Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадыИИМ: Кытайлык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдүТИМ: Эми Грузияга кирүү үчүн камсыздандыруу полиси талап кылынатМинистрлер кабинети 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекиттиКыргызстандын Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө кызмат көрсөттү
Илон Масктын байлыгы 20 млрд долларга төмөндөдү
15.05.2021 | 10:30
Электр унааларын чыгаруучу “Tesla” компаниясы автоунааларын биткоиндерге сатууну убактылуу токтотту. Илон Масктын телекөрсөтүүдөгү мындай билдирүүсүнөн кийин компаниянын акциялары 15% га арзандады. Бул тууралуу Akchabar.kg жазды
“Forbes” журналынын маалыматы боюнча, акциялардын кескин төмөндөшүнөн улам, Масктын байлыгы 166 миллиард доллардан 145 миллиард долларга чейин төмөндөгөн. Миллиардердин билдирүүсү биткоин бааларын 30% га төмөндөтүп, 47 миң долларга жеткирген.
Азыркы тапта крипто алмашуу турукташып, биткоин кайрадан баанын өсүшүн көрсөтүп, 50 миң долларга жетти.