Президент эл аралык Ысык-Көл марафонуна старт берди

Президент эл аралык Ысык-Көл марафонуна старт берди

Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафонго старт берди.

Мамлекет башчысы XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалаган.

«Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо. 2019-жылдын 1-декабрында Куньмин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Куньмин марафону жана Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн», — деди Садыр Жапаров.

Президент 2020-жылдын аягында Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону «квалификациялык» деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин баса белгилеген.

Мамлекет башчысы 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына киргендигине токтолду. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт.

«Спорт — ден соолук, ден соолук — элдин байлыгы, дени сак улут — өнүккөн өлкө деп бекеринен айтылбайт! Спорт адамды физикалык жактан чыңдайт. Ошентип, калктын басымдуу бөлүгүнүн спортко болгон кызыгуусун камсыз кылуу менен биз элибиздин ден соолугун коргойбуз. Ал эми жаштарыбыз, жаш муундарыбыз дени сак болушат жана руханий жактан өнүгүшөт. Демек, спортту өнүктүрүү — бул спорттук натыйжаларга жетүү каражаты гана эмес, элдин ден соолугу да болуп саналат. Мамлекет дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишин уланта берет. Дене тарбия жана спортту ар тараптуу өнүктүрүү мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат», — деген Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бүгүнкү спорттук иш-чарага катышкан бардык жеӊил атлетиканы сүйгөн спортчуларга үй-бүлөлүк бакыт, албан-албан ийгиликтерди, коомдун активдүү инсандарынан болууну каалаган.

«Бул марафондо күчтүүлөр жеӊсин! Эӊ чоӊ жеӊиш — бул сиздердин катышканыӊыздар! Бардыгыӊыздарга ийгилик!», — деп сөзүн жыйынтыктаган президент.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>