Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Ош-Бишкек жолундагы туннель маал-маалы менен жабылып турат
18.05.2021 | 11:23
Ош-Бишкек жолундагы К.Көлбаев атындагы туннель маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
“Жаз келип малдар Суусамыр өрөөнүнө жайлоого чыгып баштагандыгына байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында жайгашкан К.Көлбаев атындагы туннель аркылуу мал айдап өткөн убакытта, жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту сактоо максатында унаалардын баардык түрүнө 15-20 минут аралыгы менен, тоннелдин эки тарабынан убактылуу жол жабылып турат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом