Жеңиш чокусундагы трагедиядан кийин Кыргызстанда пермит системасы киргизилүүдөБилим берүү Кыргызстан менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыты бойдон калууда — ПутинНарында жайыттарды туура эмес пайдаланган малчыларга айып пул салындыСадыр Жапаров менен Владимир Путин: Кыргызстан жана Россия соода жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйттүБишкекте коомдук транспорт үчүн жаңы бөлүнгөн тилкелер кайсы көчөлөрдө пайда болотЗым, күрөк менен сабаган: Токмокто жаран аялы менен балдарына зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалды
18-май: Коронавирус 234 адамдан аныкталып, 7 киши каза болду
18.05.2021 | 11:41
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 234 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 5594 кишиден ПЧР тест алынган.
Илдет аныктылгандар:
Бишкек шаарында – 112;
Ош шаарында – 3;
Чүй облусунда – 81;
Ош облусунда – 6;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 25;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 3.
Ошондой эле инфекция 3 медицина кызматкеринен табылган.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 282 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 6, Чүй облусунда 1 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 100 миң 966 адамдан аныкталды. Анын ичинен 94 миң 168 бейтап айыгып, 1 миң 718 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар