Кыргызстанда 2030-жылга карата орточо айлык 62 миң сомго жетет – Каржы министрлигиКаржы министри Дүйнөлүк банктын өкүлү менен 101,5 млн кредит берүү маселесин талкууладыКой-Таштагы офицерлер акча талап кылып кармалдыЖакынкы Чыгыштагы согуш: Ислам дүйнөсү Дохада тынчтык боюнча сүйлөштүЖалал-Абадда Түрк мамлекеттер уюмунун туризм боюнча форуму өтөтЭрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
Кытай Кыргызстанга стадион салып береби?
20.05.2021 | 16:55
Кыргыз футбол союзунун жетекчиси Канатбек Маматов Кытайдын Элчиси Ду Дэвэнь менен Кыргызстанда жаңы заманбап стадион куруу мүмкүнчүлүгүн жана футболду өнүктүрүү боюнча башка долбоорлорду талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Маматов Кытайдын акчасына улуттук футбол стадиону жана бассейн курулуп жаткан Беларуссияны мисал келтирген.
Кытай элчиси стадионду куруу маселеси мурунку бийлик менен сүйлөшүлгөнүн, бирок маселе аягына чейин чыккан эмес деп жооп берди.
Элчи Ду Дэвэнь кошумчалагандай, заманбап стадион куруу мамлекеттин артыкчылыктуу багыты болсо, анда долбоордун ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт