Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Кытай Кыргызстанга стадион салып береби?
20.05.2021 | 16:55
Кыргыз футбол союзунун жетекчиси Канатбек Маматов Кытайдын Элчиси Ду Дэвэнь менен Кыргызстанда жаңы заманбап стадион куруу мүмкүнчүлүгүн жана футболду өнүктүрүү боюнча башка долбоорлорду талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Маматов Кытайдын акчасына улуттук футбол стадиону жана бассейн курулуп жаткан Беларуссияны мисал келтирген.
Кытай элчиси стадионду куруу маселеси мурунку бийлик менен сүйлөшүлгөнүн, бирок маселе аягына чейин чыккан эмес деп жооп берди.
Элчи Ду Дэвэнь кошумчалагандай, заманбап стадион куруу мамлекеттин артыкчылыктуу багыты болсо, анда долбоордун ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт