Путин Газадан кетүүнү каалаган КМШнын жарандарын эвакуациялоону тапшырды

Путин Газадан кетүүнү каалаган КМШнын жарандарын эвакуациялоону тапшырды

Владимир Путин Газа секторунан кетүүнү каалаган орусиялыктарды жана Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жарандарын эвакуациялоону тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон документ укуктук маалымат порталына жайгаштырылган.

“Израиль өлкөсүнүн аскердик операциясынан улам Газа секторундагы абалдын начарлап кетишине байланыштуу, аталган тилкени таштап кетүүнү каалаган Орусиянын жарандары менен Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жарандарын вакуациялоону каралсын”, — деп жазылат документте.

Маалыматка таянсак, Путиндин көрсөтмөсүн, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Тышкы чалгындоо кызматы Газа секторундагы абалга жараша кабыл алат.

Орусиянын лидери, көрсөтмөсү ишке ашуу үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырган.

Учурда Орусиянын аталган аймактагы элчилигинде учурда 400дөн ашык адам каттоодо турганы, аларды алып чыгуунун жолдору каралып жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>