Балыкчыда 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылдыСоода өнөр-жай палатасы шанхайлык ири ишкананын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдүКыргызстанда 4 баллдык жер титирөө катталдыКартаны сатуу түрмөгө жол ачат. Улуттук банк алдамчылык менен күрөшүүдө жаңы эрежелерди киргизүүдө. Эксперттин пикириЖарандык авиация кызматкерлери тил стандарттарын ишке ашыруу боюнча ИКАОнун жыйынына катыштыСадыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды
Америкалыктарга Кыргызстанга келбей туруу сунушталды
21.05.2021 | 10:13
АКШнын мамлекеттик департаменти жарандарына Кыргызстанга убактылуу келбей турууну сунуштады. Мындай билдирүү АКШнын Бишкектеги элчилигинин сайттына жарыяланды.
Буга башкы себеп катары өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абал айтылган. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору Кыргызстандын калкынын саламаттыгын төртүнчү деңгээлде деп баалаган. Анда айтылгандай, COVID-19дун жаңы учурларынан улам, саламаттык сактоо тармагына кыйынчылык жаралгандан улам, медициналык жардам дайыма эле жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн.
АКШнын жарандарына Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу элчиликтин социалдык тармактагы расмий аккаунттарынан карап турууга жана өлкөдөгү кылмыштуулуктун өсүүсү боюнча соңку кырдаал менен таанышууга чакырган.