Бишкектен Таласка кыз ала качкан жигиттер кармалды — сүрөт

Бишкектен Таласка кыз ала качкан жигиттер кармалды — сүрөт

Чүйдө Таласка жашы жете элек кызды алып качып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

21-майга караган түнү саат 00:30 чамасында “Сосновка” постунан “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда 19 жаштагы кызды Бишкек шаарынан алып качып бара жаткан 26 жана 23 жаштагы эки жигит кармалган.

Жабырлануучу кыз менен шектүүлөр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине тергөө ишин улантуу үчүн өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>