Тажик илимпоздору койлордун айынан кыргызстандык кесиптештерине нааразы болууда

Тажик илимпоздору койлордун айынан кыргызстандык кесиптештерине нааразы болууда

Кыргызстанда койдун жаңы «Арашан» деген породасы чыгарылды, Тажикстанда бул тажик-гиссар койлорунун бир түрү деп эсептелет. Бул тууралуу «Азия Плюс» басылмасы жазды.

Билдирүүгө таянсак, Кыргызстанда «Арашан» деп аталган койдун жаңы тукуму тууралуу маалымат коңшу өлкөнүн кой багуучуларын таң калтырган.

Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин сайтындагы билдирүүсүндө, алардын аргындаштырылганын эске алуу менен Кыргызстандагы гиссар породасына кирген «Арашанский» койлорунун түрү деген аталышты ыйгарса адилеттүү болорун айтышкан.

Кыргыз департаментинин басма сөз кызматы билдиргендей, Арашан тукуму республиканын чарбаларында өстүрүлгөн. 1977-жылы Тажикстандан алынып келинген гиссар породасындагы койлор мененжергиликтүү койлор аргындаштырылган.

Тажик окумуштуулары кыргызстандык кесиптештеринен бул аргындаштырууда жетишкендиги тууралуу тийиштүү маалыматтарды угуп жана “ар бир нерсени өз аты менен атоого” чакырат. Тажик селекционерлеринин айтымында, гиссар койлору тажик элине таандык жана улуттун сыймыгы болуп саналат.

«Биз гиссар тукумундагы койлорду өркүндөтүүдө жана жаңы түрлөрүн түзүүдө колдонуп жаткан окумуштуулардын эмгегин баалайбыз. Коңшу өлкөлөрдүн фермерлеринин эмгектерин кубаттайбыз жана сыйлайбыз. Биз Гиссар кой чарбасынын аймагын мындан ары кеңейтүүнү колдойбуз. Биз кой чарбасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча эл аралык же регионалдык симпозиумдарды, конференцияларды өткөрүүгө даярбыз. Ушуга байланыштуу, биз илимпоздордон, адистерден, дыйкандардан, гиссар породасындагы асыл тукум койлорун өстүрүү менен алектенип жаткандардын бардыгын өз ысымдары менен атоого чакырабыз», — дешкен тажикстандык окумуштуулар.

Маалыматка таянсак, тажик окумуштуулары Арашан тукумун гиссар породасындагы койлордун түрлөрүнүн бири деп атоо керектигин талап кылышууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>