Апасы Орусияда эмгектенген 3 жашар бала кудачасынын ур-токмогунан каза болду

Апасы Орусияда эмгектенген 3 жашар бала кудачасынын ур-токмогунан каза болду

Жети-Өгүз районунда 3-жашар бала ур-токмоктон улам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-май күнү Жети-Өгүз аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө болжол менен саат 12.32 чамаларында Кызыл-Суу айылынын тургундары 38-жаштагы М.Д. жана 33-жаштагы М.Г. ооруканага эс учун жоготуп алган жана денесинде көк-ала тактары бар 3-жашар эркек баланы алып келген

Денесинен жаракат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай каза болуп калган.

Аталган факты 65-берене (Уруп-сабоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Күбөлөрдү сурамжылоодо, баланы ооруканага алып келген 33-жаштагы М.Г. аттуу аялга кудачасы 3-жашар баласын таштап, өзү Орусияга иштегени кеткени аныкталган.

“Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-май күнү болжол менен саат 12.00 чамаларында наристенин талмася кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми, денесиндеги көк-ала тактар болсо, бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун көрсөткөн”, — деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча бала жабык мээ жаракатын, башынан туюк жаракат алгандыгы белгилүү болгон. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши 138-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор зыян келтирүүдөн улам этиятсыздыктан киши өлтүрүү) менен квалификациясы өзгөртүлгөн.

Аталган факты боюнча шектүү катары 33-жаштагы М.Г. райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, жактоочунун катышуусунда ага денеге оор зыян келтирүү боюнча шектүү катары өтүп жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Соттун чечими менен шектүү адамга 2-айга камака алуу баш коргоочарасы кабыл алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланып, тийиштүү экспертизалар дайындалганы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>