Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Самат Курманкулов реабилитациялык борборго которулат
13.09.2019 | 10:36
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвадагы реабилитациялык борборго которулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматына караганда, Курманкуловдун абалында жакшы жылыштар бар экенин дарыгерлер билдирген. Реабилитациялык борбордун жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн кийин бейтап борборго которулмай болгон.
Белгилей кетсек, Курманкуловдун абалын министрлик көзөмөлгө алган. Аны дарылоого кеткен каражатты мамлекет төлөп берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом