7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Араванда буудай кымбаттады
02.09.2021 | 12:34
Ош облусунун аймагында буудайдын баасы кымбаттап, дыйкандар быйыл анын килосун 30 сомго чейин сатышууда. Бул тууралуу Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришкенин “Акчабар” жазды.
Былтыр Араванда буудайдын килограммы 12-13 сомдон сатылган.
“Быйыл дыйкандарга келген кардарлар дүңүнөн 25 сомдон алса, базарда буудайдын баасы 30 сомго чейин сатылууда. Баанын өскөндүгү дыйкандарга көп деле киреше алып келбейт, себеби түшүм аз болгон”, – деди Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Пайзылда Мырзабарамов.
Ошто негизинен буудай Араван жана Кара-Суу райондорунда айдалат. Араванда быйыл 1 миң 115 гектар жерге буудай эгилген. Ал эми облус боюнча 40 миң 492 гектар жерге айдалат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика