«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калдыКРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирдиКочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат
Каракол: кызы үчүн унаа уурдаган жигит
02.09.2021 | 12:49
Өзүнүн тааныш кызын унаага сейилдетүү үчүн автомобиль уурдаган 31 жаштагы мырза кылтакка илинди. Бул туурасында Чүй милициясы кабарлады.
Алар тараткан маалыматка караганда, 17-июль күнү Каракол шаарынын “Восход” кичи районунан Хонда Одиссей унаасын уурдатканы боюнча жергиликтүү тургун күч органына кайрылган. Кийинчерээк уурдалган унаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылынан табылган. Бирок, кылмышка шектүү табылбай келген.
Окуя болгон учурдан тарта милиция кылмыш ишин козгоп издей башатаган. Натыйжада 31 жаштагы Т.У. аттуу жаран колго түшкөн. Ал күнөөлөрүн моюнга алып, учурда тергөө иштери уланууда. Көрсө, буга чейин да кылмыш кылып жүргөн экен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом