Бишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттүБишкекте жигиттер мушташып, аларды милиция кармадыКайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМК
Жасалма номур менен айдоочу колго түштү
07.09.2021 | 11:21
Бишкек шаардык кайгуул милициясы жасалма номур тагылган унаанын айдоочусун кармалганын билдирди. 5-сентябрда болжол менен саат 08:30 чамасында «102» кызматына Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа жасалма номур менен жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке барышканда аталган унаа токтоп турган ордунан кетип калган. Ыкчам издөө аракеттеринен улам унаа табылып, документтери текшерилгенде, 1988-жылы туулган Т.У. унаасынын мамлекеттик номурун жасалма номурга алмаштырып алып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Унаа айып короого токтотулуп, айдоочу Биринчи май райондук милициясына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом