ЕАЭБден товар ташыгандар 1-январга чейин аларды каталогго киргизиши керекБишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жолу салынуудаБишкекте Махатма Ганди жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылатАсеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка таасири талкууландыИдрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду
Жасалма номур менен айдоочу колго түштү
07.09.2021 | 11:21
Бишкек шаардык кайгуул милициясы жасалма номур тагылган унаанын айдоочусун кармалганын билдирди. 5-сентябрда болжол менен саат 08:30 чамасында «102» кызматына Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа жасалма номур менен жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке барышканда аталган унаа токтоп турган ордунан кетип калган. Ыкчам издөө аракеттеринен улам унаа табылып, документтери текшерилгенде, 1988-жылы туулган Т.У. унаасынын мамлекеттик номурун жасалма номурга алмаштырып алып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Унаа айып короого токтотулуп, айдоочу Биринчи май райондук милициясына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом