8-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дары катылган жерди таап чыкты. Бул боюнча аталган мекеменин маалымат бөлүмү билдирди.
Ошондой эле ал жерден 1 даана «Ф-1» гранатасы, 7,62 мм калибрдеги ок жана «ПМ» маркасындагы номурлары өчүрүлгөн тапанча болгон.
Ушул тапта бул сыяктуу курал-жарактар катылган жерлерди издеп жатканы айтылат маалыматта.