Курумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыктыКөчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылатКыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүнБишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалдыБаланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталды
Исках Пирматов Кумтөр боюнча күнөөлүү деп табылды
09.09.2021 | 12:21
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исках Пирматов Кумтөр боюнча күнөөлү деп табылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарганын аталган мекеменин басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 9-сентябрь күнү райондук сот Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, ага карата 3000 эсептик көрсөткүч, тактап айтканда мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза берилген.
Экс-депутат УКМК тарабынан Кумтөр ишиндеги жемкорлукка шектелип кармалып, кайрадан бошотулган болчу. 2015-жылы Жогорку Кеңешке келген Исхак Пирматов мандатын 28-майда өз каалоосу менен мандатын тапшырып берген эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат