Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Кайрадан эле мектептерде акча чогултуу болот
13.09.2021 | 11:54
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев журналисттер аркылуу мектеп фонддоруна акча чогултуп, жардам бергиле деп ата-энелерге кайрылды.
Анын айтымында, СССР маалында мектепке 21 учурга каржылык көрсөтүлчү, азыркы маалда мындай каржылоо болбой жатат. Ошол себептен, мектептердеги фонддорго колдон келишинче жардамыңарды бере беригиле. Бирок, мугалимдерге акча берүүгө тыюу салынган.
Ал ата-энелерди мугалимдерге акча бербөөгө, эгерде мындай каттала турган болсо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом