Токио олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул United World Wrestling сайтында кабарланды.
Норвегиянын Осло шаарында өтө турган дүйнөлүк оюнга Тыныбековадан тышкары, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы да катышмай болгон.
Айсулуу Тыныбекова 62 кг. чен бирдигинде, Мээрим Жуманазарова болсо 68 кг. салмак менен күрөшөт. Ал эми Айпери Медет кызы 76 килограмм менен каршылаштары менен кез келишет.