“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
285 миң сом алдап алган аял кармалды
20.09.2021 | 14:34
2019-жылдын декабрь айында чала тааныш жарандан акча берип тур, көбөйтүп берем деп 285 миң сом алган. Андан соң таптырбай кеткен. Бул боюнча кайрылуу 16-агустта келип түшкөн. Ошондон кийин Бишкек милициясы издөөгө алып, ыкчам аракеттерин баштаган. Бул туурасында Ленин райондук милиция билдирүү таратты.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, 1983-жылы туулган Б.Э. колго түшүп, учурда сот СИЗО-1 мекемесине 2 айга камоону чечти.
Мындан тышкары ал аялдын үстүнөн 6 арыз түшкөн.
Сүрөттөгү аялдан жабыр тарткандар 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(700) 911-119, 0(703) 686-883 телефон номурлары жана «102» кызматы аркылуу кабарласа болот.