Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Ош: Инисин бычактап өлтүргөн киши 2 айга камакка алынды
23.09.2021 | 11:56
Ош шаардык соту 21-сентябрь күнү инисин мыкаачылык менен бычактап өлтүргөн кишинин баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды. Бул туурасында Ош шаардык милиция маалымат таратты.
Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде чогуу жашаган бир туугандардын ортосунда өз ара чыр-чатак чыккан. Анын кесепетинен 1990-жылы туулган М.Ө. өзүнүн 1993-жылы туулган бир тууган иниси М.Д.нын санына бычак сайган. Кан агып отуруп каза тапкан. Иниси мас болуп үйүнөн чыр чыгарып, ачууга алдырып, өлтүрүп алганын мойнуна алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом